КӨҢҮЛ БӨЛҮҢҮЗ, ФИШИНГ БАРАКТАРЫ ПАЙДА БОЛДУ, АЛДАМЧЫЛАР ИШТЕТ!
Урматтуу кардарлар,
Сураныч, сергек болуңуз жана текшерилбеген жана расмий эмес банк кызматтары боюнча банк картаңыздын реквизиттерин/деталдарын киргизбеңиз. Optima 24 кирүү үчүн картанын реквизиттерин киргизүү керек болгон фишингдик домендерди (баракчаларды) жайгаштыруу көбөйдү.Онлайн банкингге кирүү үчүн жалгыз домен https://optima24.kg/Authorize/Login экенин эскертебиз.
Ошондой эле, Банктын кызматкерлери катары көрүнгөн шылуундардын сиз тууралуу маалымат сураган чалуулары көбөйдү. Биздин адистерде бардык керектүү маалыматтар бар экенин эскертебиз, андыктан шектүү аракеттерди аныктасаңыз, картаңыздын реквизиттерин, SMS коддорун бербеңиз жана чалууну дароо токтотуңуз.
Жөнөкөй ЭРЕЖЕЛЕР
- Өзүңүздүн маалыматтарыңызды ачыкка чыгарбаңыз - SMS жана push-билдирүүлөрдүн коддорун, картанын реквизиттерин, коопсуздук суроолорун жана аларга жоопторду, Optima24 тиркемесин киргизүү үчүн логинди жана паролду эч кимге айтпаңыз.
- Банктан келген билдирүүлөрдү кылдаттык менен окуп чыгыңыз - банктан келген билдирүүлөрдү текшериңиз, мисалы: Optima24 логин коду. Эгер сизден SMSтен код жазууну же шектүү сайттарга киргизүүнү суранса, бул шылуундар.
- Төлөм барагына шилтеме жөнөтүлгөн болсо, төлөм картаңыздын реквизиттерин дароо киргизбеңиз. Бир караганда бул тааныш көрүнүшү мүмкүн, бирок шылуундар картаңыздан акча уурдоо үчүн мындай баракчаларды көчүрүшөт. Ошондуктан, төлөм барагына картанын реквизиттерин киргизүүдөн мурун, шилтемени текшериңиз
- Чалууга ишенүүгө шашпаңыз - ал өзүн банк кызматкери катары тааныштырса дагы.
- Эсиңизде болсун, банк кызматкерлери эч качан SMS жана push эскертмелеринен кирүү кодун, логинди, сырсөздү, PIN-кодду же картанын CVC кодун сурашпайт.
- Эгер кимдир бирөө сизден бул маалыматты сураса же акча которууну жана алууну суранса, бул шылуундар.
- ЭЧ КАЧАН!!! картаңыздын реквизиттерин киргизбеңиз, шектүү сайттарга жана тиркемелерге SMS тастыктоо коддорун киргизбеңиз! Сиздин жогоруда көрсөтүлгөн жеке маалыматтарыңыздын жок дегенде бир бөлүгүнө ээ болгон алдамчылар сиздин картаңыз боюнча уруксатсыз транзакцияларды жасай алышат, аларды кайтарып алуу мүмкүн эмес.
Эгер сиз шектүү шилтемелерди тапсаңыз, шектүү чалуулар болсо, картаңыздын реквизиттерин киргизбеңиз, эч кандай маалымат бербеңиз жана мүмкүн болсо Банктын Контакт борборуна кайрылыңыз.
24/7 күнү-түнү байланыш борбору: (312) 90 59 59, 0-800-800-00-00* (Кыргызтелеком ААКнын стационардык телефондорунан чалуу акысыз)
О!, Beeline жана MegaCom абоненттери үчүн кыска номер: 9595 (акысыз)