Социадык жоопкерчилик
Жыйырма жыл ичинде «Оптима Банк» ААКсы өзүнүн иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын рыногунда позициясын чыңдаган жана өзүнүн кардарларынын жана акционерлеринин кызыкчылыгын сактаган, ишенимдүү өнөктөштүк кадыр-баркын колдогон, туруктуу банктардын бири болуп калды. Банктык кызматтарды жогорку деңгээлде көрсөтүү жана динамикалуу өнүгүү – бул, «Оптима Банк» ААКсынын негизги артыкчылыгы.
«Оптима Банк» ААКсы өзүнүн саясатында кайрымдуулук жаатындагы иш-аракеттер багытынын кеңири спектрин аныктады. Көп жылдардан бери калктын аярлуу катмарына, майыптарга, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына максаттуу жардам көрсөтүп келет.
Банктын акционерлери менен жетекчилиги, Кыргызстандын келечеги алдында өзүнүн жоопкерчилигин сезишет. Биздин мезгилде бардык кыйынчылыктар калктын корголбогон катмарына көбүрөөк деңгээлде тиери ар бир адамга белгилүү. «Оптима Банк» ААКсынын кайрымдуулук багыттарынын бири болуп, жайсыз үй-бүлөдөн чыккан балдарды жана жетимдерди колдоого багытталган долбоорлорду каржылоо болуп эсептелет.
Банктын кайрымдуулук жана демөөрчүлүк иш-аракети болуп, социалдык-жоопкер компания катары Банкка карата кеңири коомчулуктун аң-сезимин түзүүгө багытталган Банктын кадыр-баркы саясатынын бир бөлүгү болуп саналат. «Оптима Банк» ААКсы Кыргызстандагы калктын ар кандай категориясынын жашоо-турмушун жакшыртууга жардам бере турган ар кандай коммерциялык, социалдык жана кайрымдуулук долбоорлорун колдойт. «Оптима Банк» ААКсынын кайрымдуулук иш-аракети муктаж болгон калктын категориясын (майыптарды, жетим балдарды, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин), балдар жана башка социалдык мекемелерди, спортту, маданиятты, искусствону жана туризмди колдоого багытталган.
Кайрымдуулук жардамын алуу үчүн арызды жеке жак тариздөө үчүн төмөндөгү документтерди берүү керек:
- арыз;
- инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү (Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту, инсандык күбөлүгү, аскер билети);
- эмгекке жарамсыздыгын, майыптыгын же ыкчам медициналык дарылоо зарылдыгы жөнүндө күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү;
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу күбөлүгүнүн көчүрмөсү
- банктык маалым-даректер (которуу аркылуу жардам алуу учурунда).
Кайрымдуулук жардам алуу үчүн арызды юридикалык жак жак тариздөө үчүн төмөндөгү документтерди берүү керек:
- арыз;
- демөөрчүлүк жардам алуу боюнча долбоор;
- уюмдун Уставынын көчүрмөсү;
- каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- каржылана турган уюм кайрымдуулук уюму болуп саналаары жөнүндө Мамлекеттик Салык инспекциясынан алынган маалымкаттын көчүрмөсү; Алар кайрымдуулук болуп эсептелет, анткени, ошол юридикалык жак (интернаттар, балдар бакчалары ж.б.у.с.) уюштуруу-укук формасы боюнча МЕКЕМЕЛЕР болуп эсептелээрин жана кээ бир фонддор катары кайрымдуулук менен иш алып барбаган уюмдарга Мамлекеттик Салык инспекциясы маалымкат бербейт.
Банктын кызматкери арыз берүүчү менен байланышуу үчүн байланыш маалыматын (телефон, электрондук почта, факс, дарек) көрсөтүү керек.