Даттанууларды жана сунуштарды берүү тартиби
Урматтуу кардарлар!
Биздин тейлөөбүздү жакшыртууга мүмкүндүк берүүчү Сиздердин каалоолоруңузду укканга кубанычтабыз. Сиздер биздин банктык “оркестрге” мыкты ойноого жардам бере турган өз алдынча “дирижёр” ролунда чыксаңыз болот. Ошондуктан, биз ар бир кардарга “Биздин дирижёр болуңуз” деп кайрылабыз.
Биздин максат – мыкты тейлөө аркылуу кардарларды канааттандыруунун жогорку деңгээлин камсыз кылуу. Ошондуктан, Сиздердин сунуштар, каалоолор жана сын-пикирлерди биз абдан кылдаттык менен карап чыгабыз, алар биз үчүн абдан маанилүү маалымат болуп эсептелет. Сиздердин сунуштар, каалоолор жана сын-пикирлерди Сизге ыңгайлуу болгон ар кандай формада кабыл алууга даярбыз:
- Банктын бардык бөлүмдөрүндө турган китептер жана даттануулар жана сунуштар үкөгү аркылуу;
- «Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.» электрондук почта аркылуу;
- Банктын расмий сайтындагы “Сын-пикирлер жана даттануулар” шилтемеси аркылуу (http://www.optimabank.kg/kg/comments-and-complaints/leave-a-suggestion.html);
- 720070, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Жибек – Жолу пр., 493 почталык дареги боюнча кат аркылуу.
- Күнү-түнү иштеген Контакт-борбору аркылуу: (312) 90 59 59, 0- 800-100-00-00 («Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуулар акысыз ) номерлери боюнча; Beeline и Megacom абоненттери үчүн 1001 кыска номери боюнча; Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. электрондук почта боюнча;
Коммуникациянын тандалган каналына карабастан, өзүңүздүн аты-жөнүңүздү; байланыш маалыматтарыңызды – почталык даректи, телефон номерин, электрондук почтанын дарегин көрсөтүүнү суранабыз.
Кардар Банктын жетекчиси же филиалдын жетекчиси жеке кабыл алуусу жөнүндө өтүнүч менен Банкка кайрылууга укуктуу. Жетекчилердин кабыл алуусу Банктын жумушчу сааттарынын ичинде кайсы гана убак болбосун кабыл алышы мүмкүн.
“Оптима Банк” ААКсы кардарлардын даттанууларына жана сунуштарына жазуу жүзүндө жооп берет, эгерде алар анонимдүү болбосо. Кайрылууну кароо жана жооп даярдоо мөөнөтү, кайрылууну каттаган күндөн баштап, 10 жумушчу күнүн түзөт. Эгерде Сиздин кайрылууңуз көп убакытты талап кылса, Сизге бул жөнүндө кошумча маалымат берилет.
“Оптима Банк” ААКсынын кардарларынан даттанууларды жана сунуштарды кабыл алуу жана кароо жөнүндө Жободон алынган көчүрмө менен төмөндөгү шилтемеден таанышсаңыз болот:
Биз кардарлардын сын-пикирлерине ыраазычылык билдиребиз жана тейлөө сапатын жогорулатуу үчүн аларды колдонобуз. Сиздердин ар бир кайрылууңуздар – биздин жалпы ийгилигибизге карай дагы бир кадам, Сиздердин биздин Банкка болгон белек.
Бизге ишеним арткандарыңызга, рахмат! “Оптима Банкка” кош келиңиздер!