Сейфтерди ижарага алуу
Жеке банктык сейфти ижарага алуу – Сиздин баалуулуктарыңызды сактоонун ыңгайлуу ыкмасы. Коммерциялык банктардын сактоочу жайларына карата талаптар абдан жогору, ошондуктан банктык сейфте Сиздин баалуулуктарыңыз башка жерге караганда ишенимдүү сакталат.
«Оптима Банк» ААКсы электрондук коргоонун көп деңгээлдеги тутуму менен ишенимдүү сактоочу жайды Сизге берүү үчүн, бардык керектүү шарттарга ээ. Мындан сырткары, жеке сейфтерди ИИМдин кызматкерлери менен Банктын коопсуз кызматы күнү-түнү кайтартат.
Банктын жеке банктык сейфинде баалуулуктарды сактоодо Сизге, сейфке баалуулуктарды салуу жана кимдир-бирөөнүн контролдоосуз эле аларды алуу мүмкүнчүлүгү берилет.
Банк тарабынан белгиленген формада нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним катты тариздөө менен, ишенимдүү адамга сейфти колдонуу укугун бере аласыз.
Жеке банктык сейф төмөндөгүлөрдү сактоо үчүн каралган:
- иш жана жашыруун документтерди;
- акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды;
- искусство буюмдарын, антиквариатты жана зергер буюмдарын;
- санариптик маалымат алып жүрүүчүлөрдөгү баалуу маалыматтарды;
- жана башка баалуулуктарды.
Сиз, накталай акчалар келишими боюнча эки тараптуу эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн, сейфтерди ижарага берүү кызматын пайдалансаңыз болот, мисалы, автомобиль сатып алууда.
Бул кызмат көрсөтүү түздөн түз кардарларга - акчаларды салуучу жана алуучунун келишими боюнча эки тараптуу эсептешүүлөрдүн катышуучуларына берилет.
Накталай акчалар Банктын ыйгарым укуктуу кызматкери жана алуучунун катышуусу менен гана салуучу тарабынан сейфке салынат. Сейфтин ачкычы салуучуга тапшырылат. Накталай акчалар алар инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтерди көрсөткөндө жана салуучу милдеттүү түрдө катышканда гана сейфтен алынат.
Сиз өзүңүздүн жеке банктык сейфиңизди саат 9.00дөн 17.00гө чейин пайдалансаңыз болот.
Жеке сейфтердин ижарасын тариздөө үчүн, инсандыгын күбөлөндүрүүчү документти көрсөтүп, келишим түзүү жана ижара акысын төлөө керек.
Сейфтик уячалар боюнча кызмат көрсөтүүчү филиалдардын тизмеси:
- Бишкек Борбордук филиалы
- Бишкек шаарындагы №1 филиал
- Бишкек шаарындагы №2 филиал
- Бишкек шаарындагы №5 филиал
- Кара-Балта шаарындагы филиал
- Чолпон-Ата шаарындагы филиал
- Ош шаарындагы филиал
«Оптима Банк» ААКсындагы жеке жактар үчүн кызмат көрсөтүүгө тарифтер