Балдар кирешеси
Биз Сиз менен бирге Сиздин балаңызга кам көрөбүз жана балаңыз үчүн акча топтоо мүмкүнчүлүгүн берүүчү “Балдар кирешеси” депозитин ачууну сунуш кылабыз.
«Оптима Банк» ААКсы “Балдар кирешеси” депозитине Сизден, Сиздин жакындарыңыздан жана тааныштарыңыздан суммасы чектелбеген кошумча төгүмдөрдү кабыл алат.
Биз Сиздин балаңыз үчүн узак мөөнөттүү аманатты жүзөгө ашыруу жана аны менен кошо кирешелердин келип түшүүсү үчүн мүмкүнчүлүк беребиз.
Эгерде талап кылынса, балаңыз жашы жеткенден кийин аманат суммасын жана кошуп эсептелген пайыздарды өзү алса болот.
Аманат шарттары:
- Аманат 2 жылдан 14 жылга чейин кабыл алынат (бала 14 жашка чыкканга чейин);
- Аманат улуттук валютада ачылат;
- Аманат суммасынын минималдуу суммасы 1000 сом;
- Пайыздарды капиталдаштыруу (негизги аманатка квартал сайын пайыздар кошулат);
- Аманат боюнча төлөмдөр мөөнөт аяктаганда жүргүзүлөт;
- Аманаттан жарым-жартылай акча берүү каралган эмес;
- Кошумча төгүмдөрдү кабыл алуу мөөнөтү аяктаганга чейин бир жылдын ичинде токтотулат;
- Аманатты автоматтык түрдө узартуу каралган эмес;
- Аманат мөөнөтүнөн мурда алынгандан кийин да пайыздар кошуп эсептелет (өзүнчө пайыздык схема боюнча).
Жеке жактар үчүн мөөнөттүү депозиттер боюнча пайыздык коюмдар (pdf)
Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жана тарифтерди берүү шарттары (pdf)