Керектөө насыясы
Көпчүлүк адамдар айрым буюмдарды машина болбобу, же эмерек болобу ошол замат алгысы келет. Бирок бир көйгөй – муну сатып алууга акча жетпейт. Эмне кылуу керек? Чечим бар!
Эми сатып алуулар же ондоо үй-бүлөлүк бюджет үчүн көп түйшүк тарттырбайт. “Оптима Банк” ААКсы жеке жактар үчүн керектөө насыясынын программасын иштеп чыкты.
Сиз, төмөндөгүлөр үчүн керектөө насыясын алсаңыз болот:
- турак үйлөрдү жана батирлерди оңдоп-түзөө;
- узак убакытка колдонулуучу товарларды сатып алуу (эмерек, тиричилик жана электрондук техника);
- машина сатып алуу;
- туристтик саякаттар;
- окууга төлөө;
- үйлөнүү тоюн өткөрүү ж.б.у.с.
Насыялоонун негизги шарттары:
- насыянын валютасы – сом
- насыянын минималдуу суммасы - 300 001 сомдон баштап;
- насыя мөөнөтү – 60 айдан баштап (5 жылга чейин);
- насыялоонун минималдуу мөөнөтү – 3 ай;
- пайыздык коюм – АКШ долларында жылдык 22%дан баштап,;
- насыяны төлөө насыя боюнча негизги карыздын жана насыяны пайдалангандыгы үчүн пайыздар бөлүгүн төлөөнү өзүнө камтыган ай сайынкы төлөмдөрдүн суммасы боюнча бирдей жүзөгө ашырылат. Насыяны төлөө мөөнөтү Банктын Насыялык комитети тарабынан жеке тартипте белгиленет;
- күрөө – коммерциялык /коммерциялык эмес маанидеги кыймылсыз мүлк, автотранспорт, Банктын талаптарына жооп берген камсыздоонун жана башка түрлөрү.
Керектөө насыясын берүү шарттары Карыз алуучу менен жекече макулдашылат.
Натыйжалуу жылдык пайыздык коюмдарды эсептөө, ар бир конкреттүү учурда жекече жүзөгө ашырылат. Насыялык эксперттен консультация алыңыз.
Натыйжалуу жылдык пайыздык коюмду алдын ала эсептөөнү, Насыялык калькуляторду колдонуу менен түзө аласыз.
* натыйжалуу пайыздык коюм жылдык 24,72%дан баштап.