Калкка кызмат көрсөтүү боюнча төлөмдөрдү кабыл алуу
Сиз, төлөм терминалдары аркылуу, ошондой эле “Оптима Банктын” бөлүмдөрүндө уюктук байланыш кызматына, интернет – провайдерге, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрлөрүнө, кабелдик телевидениеге, МАИнин айып пулдарын жана башка жеткирүүлөргө накталай акча каражаттары, VISA төлөм картасы жана ЭЛКАРТ улуттук төлөм тутумунун төлө карталары менен төлөсөңүз болот.
Төлөм терминалдары, жеткирүү кызматына төлөө үчүн дүмүрчөктө басылган, абоненттин өздүк эсебиндеги маалыматтарды тааный турган штрих-коддорду окуй турган түзүлүш менен жабдылган. Бул, өздүк эсептин номерин киргизүү зарылдыгынан арылатат жана убакытты үнөмдөйт.
Төлөөнүн абдан оңой жана тез ыкмасын издеп жатасызбы? Оптима24 Интернет-банкинг Сизге 24/7 online режиминде үйдөн чыкпастан туруп, коммуналдык кызматтарга төлөө, картадан картага же эсепке акча которуу, картаны тосмолоо же, эсеп боюнча көчүрмөнү алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Оптима24кө кандай кошулуу керектиги жана Кыргызстандын мыкты мобилдик банкингин алуу жөнүндө көбүрөөк билиңиз!
"Оптима Банктын" кайсы гана болбосун төлөм картасын ачууда, Optima24 интернет-банкингге кошулса болот.