Сейфтерди ижарага алуу
Банктык жеке сейфтерди ижарага алуу – Сиздин баалуулуктарыңызды ыңгайлуу сактоо ыкмасы. Коммерциялык банктардын сактоочу жайларына карата талаптар абдан жогору. Ошондуктан, банктык сейфтеги Сиздин баалуулуктарыңыз башка жерлерге караганда абдан ишенимдүү сакталат.
«Оптима Банк» Сиздин баалуулуктарыңызга, көп деңгээлдеги электрондук коргоо тутумундагы ишенимдүү сактоочу жайды берүү үчүн, бардык керектүү шарттарга ээ. Мындан сырткары, жеке сейфтер күнү-түнү ИИМдин жана Банктын коопсуздук кызматкерлери тарабынан күнү-түнү кайтарылат.
Банктык жеке сейфте баалуулуктарды сактоодо, Сизге, сейфке баалуулуктарыңызды жайгаштыруу жана кандайдыр бир контролдоодон сырткары аларды сейфтен алуу мүмкүнчүлүгү берилет.
Сиз, Банк тарабынан белгиленген формада нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним катты тариздөө жолу менен, ишенимдүү адамга сейфти пайдалануу укугун берсеңиз болот.
Банктык жеке сейфтер төмөндөгүлөрдү сактоо үчүн каралган:
- Иш жана жашыруун документтерди;
- Акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды;
- Искусство буюмдарын, антиквариат жана зергер жасалгаларын;
- Санариптик маалымат алып жүрүүчүлөрдөгү баалуу маалыматтарды;
- Жана башка баалуулуктарды.
Сиз, келишим боюнча накталай акчалар менен эки тараптуу эсептешүүнү жүргүзүү үчүн, мисалы, автомобиль сатып алууда, сейфти ижарага берүү кызматын пайдалансаңыз болот.
Бул кызмат көрсөтүү, келишим боюнча накталай акчалар менен эки тараптуу эсептешүүгө катышуучулар - акча берүүчү жана алуучу кардарларга түздөн түз көрсөтүлүшү мүмкүн.
Алуучу жана Банктын кызматкеринин катышуусу менен гана салуучу, сейфке накталай акчаларды салат. Сейфтин ачкычы салуучуга берилет. Накталай акчалар сейфтен салуучу менен алуучунун милдеттүү түрдө катышуусу жана алар инсандыгын күбөлөндүргөн документтерин көрсөтүүсү менен гана алынат.
Сиз, жеке сейфиңизди саат 9.00дөн 17.00гө чейин пайдалансаңыз болот.
Жеке сейфтерди ижарага алууну тариздөө үчүн, инсандыгын күбөлөндүргөн документти көрсөтүп, келишим түзүү жана ижара акысын төлөө керек.
Сейфтик уячалар боюнча кызмат көрсөтүүчү филиалдардын тизмеси:
Бишкек Борбордук филиалы
Бишкек шаарындагы №1 филиал
Бишкек шаарындагы №2 филиал
Бишкек шаарындагы №5 филиал
Кара-Балта шаарындагы филиал
Чолпон-Ата шаарындагы филиал
Ош шаарындагы филиал
ОАО «Оптима Банк» ААКсында жеке жактар үчүн кызмат көрсөтүүлөр боюнча тарифтер (pdf)