Astrasend которууларын доллар менен алыңыз — тез жана ыңгайлуу
- Подробности
Кененирээк билүү

Эми сиз Astrasend эл аралык которууларын АКШ доллары жана рубль менен — түздөн-түз Optima24 мобилдик тиркемесинде же банктын каалаган бөлүмүндө ала аласыз.
Optima24 аркылуу которууну кантип алууга болот:
- Optima24 → «Операциялар» бөлүмүнө кириңиз
- Astrasend'ди тандап, которуунун контролдук номерин киргизиңиз
- Эсеп же картаны тандап, операцияны ырастаңыз - акча дароо сиздин эсебиңизге же картаңызга түшөт.
Банктын бөлүмүндө которууну кантип алууга болот:
- Жакынкы бөлүмгө паспортуңуз менен кайрылыңыз
- Кызматкерге Astrasend которуу кодун билдириңиз
Муну билүү маанилүү:
- Алуучу 16 жаштан жогору болушу керек
- Алуучунун аты-жөнү паспорттогу маалыматтарга так дал келиши керек
Кеңеш:
Optima24 тиркемесиндеги «Astrasend» бөлүмүнөн аты-жөнүңүздү көчүрүп, жөнөтүүчүгө жөнөтүңүз - бул каталарды болтурбоого жардам берет. Эгерде аты-жөнүндө ката көрсөтүлсө, жөнөтүүчүдөн өзгөртүү киргизүүнү сураныңыз. Андан кийин которуу Optima24'тө жеткиликтүү болот.
Кызмат Optima24тө жеткиликтүү.
Которууларды ыңгайлуу, тез жана коопсуз алыңыз — каалаган убакта жана каалаган жерде.
Оптима Банк — сиздин ишенимдүү өнөктөшүңүз!