Бардык жаңылыктар

Опубликовано 23 сентября 2024, 09:24

QR'ды орноттук!

IMG 20240924 091154 021

Эми сиз Optima24 тиркемесинде QR-коддорун сканерлеп, төлөп жана которууларды кабыл ала аласыз. Жаңы функция эсептөөлөрдү дагы тезирээк жана ыңгайлуураак кылат.

Эмне үчүн бул ыңгайлуу:

  • Бардык QR'лар менен иштейт: ELQR тутумун колдогон банктардын QR-коддору аркылуу кабыл алыңыз жана төлөңүз. Акысыз которуулар. QR-кодун колдонуу менен которуулар үчүн комиссия алынбайт.
  • Ыкчам ырастоо: Төлөм аткарылдыбы? Дүмүрчөк заматта тиркемеде пайда болот.
  • Дароо сканерлөө: Камера QR-кодун дароо окуп, убакытты үнөмдөйт.
  • Ыңгайлуу алмашуу: QR-кодуңузду тез мессенджерлер жана социалдык тармактар аркылуу төлөм үчүн жөнөтүңүз - которууларды кабыл алуунун коопсуз жана оңой жолу.
  • Өзүңүздүн QR-кодуңузду түзүңүз: Керектүү сумманы көрсөтүү менен төлөмдү алуу үчүн коддорду түзүңүз.

Бул кантип иштейт: 

  1. Жаңы колдонуучулар үчүн - Google Play же App Store дүкөнүнөн Optima24 тиркемесин жүктөп алыңыз.
  2. Учурдагы кардарлар үчүн - тиркемени акыркы версияга жаңылаңыз.
    Орнотуу
  3. Тиркемени ачып, башкы беттеги QR код сканерин тандаңыз.
  4. Телефонуңуздун камерасынан кодду сканерлеңиз - которуу ошол замат ишке ашат.

Жаңылоолорду жана акцияларды өткөрүп жибербөө үчүн социалдык тармактарда бизге катталыңыз.

Оптима Банк - сиздин ишенимдүү өнөктөшүңүз!