Бардык жаңылыктар

Опубликовано 10 марта 2025, 17:58

Optima24 жаңыртуу: Ыңгайлуураак жана тезирээк

 Новость Обновление О24KG

📱 Урматтуу кардарлар, жаңыртылган Optima24 менен таанышыңыздар!

Биз мобилдик тиркемени сиз үчүн дагы ыңгайлуу жана тезирээк болсун деп жаңырттык!

Эми төмөндөгү жаңылыктар сизди күтөт:

Жаңы "Операциялар" экраны
«Аударымдар» жана «Төлөмдөр» бөлүмдөрү бириктирилип, эми баары бир жерде – «Операциялар» бөлүмүндө. Ал эми «Тарых» жогору жакка жайгаштырылды – тез жетүү үчүн.

🔧 Жаңыртылган сервистер экраны
Баардык сервистер өзүнчө жаңы, ыңгайлуу дизайндагы бөлүмдө чогулду. Жөнөкөй, түшүнүктүү жана ыңгайлуу – өзүңүз текшериңиз!

🔍 Жалпы издөөнү колдонуу
Аударымдар, төлөмдөр, сервистер же жөндөөлөр – эми баарын бир терезеден издесеңиз болот. Ыңгайлуулук жогорулады!

💡 Жаңы дизайн боюнча кеңештер
Интерфейстеги өзгөрүүлөргө тез көнүп кетишиңиз үчүн тиркемеге пайдалуу кеңештерди коштук.

Ыкчам иштөө
Optima24 эми дагы ылдамыраак жана туруктуу иштейт – байкап көрүңүз!

📲 Optima24 тиркемесин азыр жаңылап, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланыңыз!

Оптима Банк — сиздин ыңгайлуулугуңуз үчүн кам көрөт.