Бардык жаңылыктар

Опубликовано 08 декабря 2025, 00:00

«Элкарт» карталары боюнча шашылыш техникалык иштер: операцияларга убактылуу чектөөлөр

 Новость Техникалык иштер

Урматтуу кардарлар!

Сиздерге 09-декабрда саат 00:00дөн 01:00гө чейин (жергиликтүү убакыт боюнча) жүргүзүлө турган шашылыш техникалык иштер тууралуу маалымдайбыз. Аталган иштер карта боюнча операциялардын, тактап айтканда «Элкарт» карталарынын жеткиликтүүлүгүнө убактылуу таасир тийгизиши мүмкүн. Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында бул карталар аркылуу жүргүзүлгөн операциялар убактылуу жеткиликсиз болушу ыктымал.

Каржылык операцияларыңызды пландоодо бул маалыматты эске алууңуздарды өтүнөбүз.
Жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.