Бардык жаңылыктар
«Золотая Корона» аркылуу эл аралык которуулар Optima24 колдонмосунда жеткиликтүү болду
- Подробности

«Золотая Корона» аркылуу эл аралык которуулар — эми Optima24 колдонмосунда
Optima24 колдонуучулары үчүн жаңы мүмкүнчүлүк жеткиликтүү болду — «Золотая Корона» системасы аркылуу эл аралык акча которуулар.
Россияга, Грузияга, Өзбекстанга жана башка өлкөлөргө акчаны рубль, доллар же алуучу өлкөнүн валютасында жөнөтө аласыз.
Кантип которуу жасоо керек:
- Башкы экрандан «Золотая Корона аркылуу которуулар» баннерин басыңыз;
- Өлкөнү тандап, алуучунун телефон номерин, фамилиясын, атын жана атасынын атын киргизип, «Андан ары» баскычын басыңыз;
- Сумманы жана валютаны көрсөтүп, «Которуу» баскычын басыңыз жана ырастоо жасаңыз.
Эгер сервис көрүнбөсө — Optima24 колдонмосун жаңыртыңыз.
Комиссиялар жана лимиттер банк бөлүмүндөгү шарттарга толук шайкеш келет.