Бардык жаңылыктар
UPT эл аралык акча которуулар — эми Оптима Банкта!
- Подробности

UPT эл аралык акча которуулар — эми Оптима Банкта
Оптима Банк кардарлары үчүн эл аралык акча которуулардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Эми сиз UPT системасы аркылуу акчаны банктык эсеп ачпастан, тез, ыңгайлуу жана коопсуз жөнөтүп же ала аласыз.
UPT системасы дүйнөнүн 160тан ашык өлкөсүндө иштейт жана төмөнкү валюталарда ишенимдүү эл аралык которууларды камсыз кылат:
- USD
- EUR
Акча которууну кантип жөнөтүүгө болот:
- Паспорт менен Оптима Банктын каалаган бөлүмүнө келиңиз.
- Алуучунун маалыматтарын кызматкерге билдириңиз.
- Банктын адистери которууну бир нече мүнөттүн ичинде жүргүзүп беришет.
Акча которууну кантип алууга болот:
- Паспорт менен Оптима Банктын каалаган бөлүмүнө кайрылыңыз.
- Которуунун контролдук номерин айтыңыз.
- Акчаны кассадан алыңыз — алуучу үчүн комиссиясыз.
UPT — Оптима Банк менен бирге дүйнө жүзү боюнча акчаны тез жана ишенимдүү жөнөтүүнүн ыңгайлуу жолу.