Бардык жаңылыктар
Кардарларды тейлөө пункттарынын тармагын кеңейтүү жана Банктын тармагындагы өзгөрүүлөр
- Подробности
Урматтуу кардарлар!
Кардарларды тейлөө пункттарынын тармагы кеңейип, алардын ишинде айрым өзгөрүүлөр болгондугу тууралуу маалымдайбыз.
Кардарларды тейлөө боюнча жаңы пункттардын ачылышы
Банк төмөнкү даректерде 4 жаңы Кардарларды тейлөө пунктун ачат:
- Чолпон-Ата ш., Советская көч., 36 — «Глобус» гипермаркети (Globus)
- Чолпон-Ата ш., Советская көч., 36а — «Ордо» соода борбору
- Ысык-Көл обл., Бостери ай., Мамытов көч., 77 — «Бостери» маркети
- Ысык-Көл обл., Бостери ай., Мамытов көч., 113а — «Прораб» курулуш материалдары дүкөнү
Кардарларды тейлөө пунктунун ишинин токтотулушу
Ошол эле учурда маалымдайбыз, 2025-жылдын 31-декабрынан тартып төмөнкү даректеги Кардарларды тейлөө пунктунун иши токтотулат:
Бишкек ш., Жибек Жолу пр., 150 — «Аламедин Гранд» соода-развлекателдик борбору.
Кардарларды тейлөө пункттарынын иштөө тартиби
2026-жылдын 8-январынан тартып Кардарларды тейлөө пункттары үчүн төмөнкү иш тартиби белгиленет:
Сезондук режимде иштеген пункттар (жылма график):
- Чолпон-Ата ш., «Глобус» СБ
- Чолпон-Ата ш., «Ордо» СБ
- Бостери ай., «Бостери» маркети
- Бостери ай., «Прораб» дүкөнү
Иштөө мөөнөтү: 2026-жылдын 8-январынан 31-майына чейин
Түшкү тыныгуу: жылма
Эс алуу күндөрү: жылма
Туруктуу иш графиги менен иштеген пункттар (09:00–18:00):
- Кара-Балта ш., «Яр-Марка» СБ
- Кызыл-Кыя ш., «Армада» СБ
- Ош ш., «Корона» СБ
- Ош ш., «Ош Пирим» СБ
- Ош ш., «Ажи Баба» дүкөнү
- Өзгөн ш., «Пазилат» СБ
- Ош ш., «Келечек» базары
- Ош ш., «Мегаполис» СБ
- Токмок ш., «Плаза» СБ (2026-жылдын 31-мартына чейин)
- Нарын ш., «Он-Арча» базары
Эс алуу күндөрү: ишемби, жекшемби жана майрам күндөрү
Түшкү тыныгуу: жылма
Кардарларды тейлөө пункттарында көрсөтүлүүчү кызматтар:
- банктык продуктылар жана кызматтар боюнча консультациялар;
- кардарларды идентификациялоо;
- банктык продуктыларга, анын ичинде «ТЕЗ КРЕДИТ» насыясына арыздарды кабыл алуу;
- Visa Instant карталарын байланыштыруу;
- «Оптима24» мобилдик тиркемесин туташтыруу жана колдонуу боюнча консультациялар;
- соода жана кызмат көрсөтүү ишканаларын соода эквайрингине тартуу.
Биз кардарларыбыз үчүн банктык кызматтарды дагы да жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылуу максатында тейлөө тармагын кеңейтүүнү улантабыз.