Бардык жаңылыктар
Процессинг борборунда техникалык иштер жүргүзүлөт
- Подробности

Урматтуу кардарлар!
2026-жылдын 18-февралында саат 05:00дөн 06:30га чейин Optima Bank’тын процессинг борборунда пландуу техникалык иштер жүргүзүлөт.
Бул убакыт аралыгында төмөнкү операциялар убактылуу жеткиликсиз болот:
- Optima Bank тарабынан чыгарылган карталар боюнча операциялар;
- башка банктардын карталары боюнча Optima Bank’тын түзмөктөрүндө (банкоматтар, POS-терминалдар) жүргүзүлгөн операциялар.
Ошол эле учурда «Элкарт» карталары башка банктардын түзмөктөрүндө иштей берет.
Карталар боюнча операцияларды пландаштырууда ушул маалыматты эске алууңуздарды өтүнөбүз. Зарыл болгон төлөмдөрдү жана которууларды алдын ала жүргүзүүнү сунуштайбыз.
Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз.