Бардык жаңылыктар
Нарын шаарында Кардарларды тейлөө пунктунун ачылышы
- Подробности
Урматтуу кардарлар!
2026-жылдын 21-март күнү Нарын шаарынын борбордук аянтында (Ленин көчөсү) Кардарларды тейлөө пункту ачылат. Бул жерде каалоочулардын бардыгы банктык кызматтар боюнча кеңири маалымат алып, керектүү кызматтарды пайдалана алышат.
Пункттун иштөө убактысы: 09:30дан 16:00гө чейин. Түшкү тыныгуу жылма графикте уюштурулуп, кардарларды үзгүлтүксүз тейлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Кардарларды тейлөө пунктунда төмөнкү кызматтар көрсөтүлөт:
— банктык кызматтар жана продуктылар боюнча консультациялар;
— кардарларды идентификациялоо;
— «Оптима24» мобилдик тиркемесине кошулуу боюнча жардам;
— Visa Gold Instant карталарын байланыштыруy;
— банктык продуктыларды алуу үчүн арыздарды кабыл алуу, анын ичинде «ТЕЗ КРЕДИТ» кредиттери;
— «Астрасенд» системасы аркылуу акча которууларды алуу жана Optima 24 тиркемеси аркылуу «Золотая корона» аркылуу акча жөнөтүү боюнча консультациялар;
— «Pay Da» бөлүп төлөө кызматын кошуу жана консультация берүү;
— соода-сервис ишканаларын эквайринг кызматына тартуу.
Бардык шаар тургундарын жана конокторун ыңгайлуу форматта сапаттуу банктык кызматтарды алууга чакырабыз.