Бардык жаңылыктар
Банктын процессинг борборунда 20-апрелде пландуу техникалык иштерди жүргүзүү
- Подробности

Урматтуу кардарлар!
«Оптима Банк» процессинг борборунда 20-апрелде саат 04:00дөн 07:00гө чейин (жергиликтүү убакыт боюнча) пландуу техникалык иштер жүргүзүлөрүн маалымдайбыз.
Бул мезгил аралыгында банктын айрым кызматтары убактылуу жеткиликсиз болот. Тактап айтканда:
- электрондук коммерция кызматтары (E-commerce);
- Optima Bank тарабынан чыгарылган VISA карталары боюнча операциялар;
- Optima Bank эквайринг тармагында башка банктар тарабынан чыгарылган VISA, Mastercard, UPI жана Элкарт карталары боюнча операциялар;
- Optima24 мобилдик тиркемесинде карталарды жана операцияларды көрсөтүү;
- POS-терминалдардагы жана банкоматтардагы транзакциялар.
Иштер аяктагандан кийин бардык кызматтар кадимки режимде ишин улантат.
Каржылык операцияларды пландаштырууда бул маалыматты эске алууну сунуштайбыз.
Мүмкүн болгон ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алганыңыздарга ыраазычылык билдиребиз.