Бардык жаңылыктар
Майрам күндөрү Optima Business иштөөсүндөгү убактылуу чектөөлөр
- Подробности
Урматтуу кардарлар!
Алдыдагы узак эс алуу күндөрүнө байланыштуу Optima Business тиркемесинин иштөөсүндөгү убактылуу чектөөлөр тууралуу маалымдайбыз.
🕝 30-апрель саат 18:00дөн 11-май саат 07:00гө чейин төмөнкүлөр убактылуу иштебейт:
- — конверсиялык операциялар; — сом менен банктар аралык которуулар (Клиринг / ГРОСС);
- — чет өлкө валютасындагы банктар аралык которуулар (SWIFT); — бюджеттик төлөмдөр;
- — карталарга жана эсептешүү эсептерине QR-төлөмдөр боюнча кайтаруулар;
- — эмгек акыны чегерүү;
- — Visa Business карталарынан юридикалык жактардын эсептешүү эсептерине которуулар;
- — юридикалык жактардын эсептешүү эсептеринин ортосундагы банк ичиндеги которуулар.
💡 Сиз аткарылуу күнүн 11.05.2026 деп көрсөтүү менен эсептешүү эсебинен которууну алдын ала түзө аласыз — операция ошол күнү автоматтык түрдө аткарылат.
Төмөнкү кызматтар штаттык режимде, сутка бою иштөөсүн улантат:
- ✔️ QR аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу жана төлөө;
- ✔️ эсептешүү эсебинен Visa Business жана Optima24 карталарына банк ичиндеги которуулар;
- ✔️ төлөө үчүн эсеп-фактураларды чыгаруу.
- 📞 Өнөктөштөрдү колдоо кызматы 9500 номери боюнча сутка бою жеткиликтүү.
Түшүнгөнүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз жана жагымдуу эс алууну каалайбыз! 🌷