Бардык жаңылыктар
Абайлаңыз: алдамчылар телефондун экранын көрсөтүүнү суранышууда!
- Подробности
Урматтуу кардарлар!
«Оптима Банк» ААК телефон чалуулар жана WhatsApp мессенджери аркылуу жасалып жаткан алдамчылыктын жаңы схемасынын активдешип жаткандыгы тууралуу эскертет.
Кылмышкерлер сиздин мобилдик банкиңизге кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу жана акча каражаттарыңызды уурдоо үчүн өздөрүн уюлдук операторлордун (Beeline, Mega, O! жана башкалар) кызматкерлери катары тааныштырып, алдоо ыкмаларын колдонууда.
Бул схема кандай иштейт?
- 📞 «Оператордон» чалуу: Алдамчылар сиздин SIM-картаңыздын «мөөнөтү бүтүп жатат» жана аны тез арада узартуу керек деген шылтоо менен чалышат.
- 📹 Видео көрсөтүүнү күйгүзүүнү суранышат: Сүйлөшүү учурунда алар сизди видеочалууга өтүүгө жана «Экранды көрсөтүү» (Демонстрация экрана) функциясын күйгүзүүгө көндүрүшөт (бул нерсени жөндөөлөргө жардам берүү же арызды каттоо шылтоосу менен түшүндүрүшөт).
- 🔓 Маалыматтарды уурдоо: Сиз экранды көрсөтүү функциясын күйгүзгөнүңүздө, алдамчылар смартфонуңузда болуп жаткан бардык нерселерди: СМС-коддорду, бир жолку сырсөздөрдү жана push-билдирүүлөрдү көрө алышат. Бул маалыматтардын жардамы менен алар сиздин Optima24 тиркемеңизге уруксатсыз киришет.
Коопсуздуктун маанилүү эрежелери:
- ❌ SIM-карталардын жарактуулук мөөнөтү жок: Уюлдук операторлордун кызматкерлери эч качан телефон аркылуу SIM-картаны «узартууну» талап кылып чалышпайт.
- 🚫 Еч качан экранды көрсөтүү функциясын күйгүзбөңүз: Мессенджерлердеги видеочалуулар учурунда чоочун адамдардын суранычы менен экранды көрсөтүүгө уруксат бербеңиз.
- 🔒 СМС аркылуу келген коддорду эч кимге бербеңиз жана жеке купуя маалыматтарыңызды (сырсөздөр, ПИН-коддор, картанын номерлери) ачыкка чыгарбаңыз.
⚠️ Есиңизде болсун: «Оптима Банктын» кызматкерлери да, уюлдук операторлордун өкүлдөрү да эч качан сиздин түзмөгүңүзгө аралыктан кирүү мүмкүнчүлүгүн сурашпайт жана смартфондун экранын көрсөтүүнү талап кылышпайт.
Егерде сизге ушундай мазмундагы чалуулар келсе, сүйлөшүүнү токтоосуз түрдө үзүңүз. Егерде кандайдыр бир маалыматтарды берип койгон болсоңуз, тезинен биздин Байланыш борборубузга кайрылып, карталарыңызды жана Optima24 жеке кабинетиңизди бөгөттөңүз.
📞 Күнү-түнү иштеген байланыш борбору: (312) 90 59 59
📱 Кыска номер: 9595 — Beeline жана Megacom абоненттери үчүн (чалуу акысыз)