Бардык жаңылыктар

Опубликовано 22 июня 2026, 17:43

Кара-Балтадагы жаңы кардарларды тейлөө пункту

Урматтуу кардарлар!

«Оптима Банк» ААК Чүй облусунда жаңы «Кардарларды тейлөө пунктунун» (мындан ары КТП) ачылгандыгын маалымдайт. 2026-жылдын 1-июлунан тартып 2027-жылдын 30-июнуна чейин КТП төмөнкү дарек жана иш графиги боюнча кызмат көрсөтөт:

  • Дареги: Чүй облусу, Жайыл району, Кара-Балта шаары, Кожомбердиев көчөсү, 51/3.
  • Иш убактысы: саат 09:00дөн 18:00гө чейин.
  • Түшкү тыныгуу: саат 12:00дөн 13:00гө чейин.
  • Дем алыш күндөрү: ишемби, жекшемби жана майрам күндөрү.

Жаңы тейлөө пунктунда төмөнкү кызматтар жеткиликтүү:

  • бардык банктык кызматтар жана Optima24 мобилдик тиркемесине кошулуу боюнча кеңеш берүү;
  • кардарларды идентификациялоодон өткөрүү;
  • банктык өнүмдөрдү алууга, анын ичинде ЧОБ үчүн «ТЕЗ КРЕДИТ» насыяларын жол-жоболоштурууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу;
  • Visa Instant төлөм карттарын дароо байланыштыруу;
  • соода-тейлөө ишканаларын соода эквайрингине тартуу;
  • кардарларды «Пайда!» бөлүп төлөө сервисине тартуу жана кошуу.

Сиздерди кардарларды тейлөө пунктунда күтөбүз!

Оптима Банк — сиздин ишенимдүү каржылык өнөктөшүңүз!