Бардык жаңылыктар
MoneyGram акча которуулары — эми Optima24тө
- Подробности
Урматтуу кардарлар!
«Оптима Банк» ААК аралыктан тейлөө кызматтарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Кыргызстандын каржы рыногунда биринчи жолу MoneyGram эл аралык которуулары банктын мобилдик колдонмосуна онлайн режиминде толугу менен интеграцияланды. Эми каражаттарды Банктын бөлүмдөрүнө келбестен, түз эле Optima24 мобилдик колдонмосунан көз ирмемде алууга болот.
Сервис суткасына 24 саат, жумасына 7 күн жеткиликтүү. Которууну алуу үчүн жөнөтүүчү берген контролдук номерди киргизүү жетиштүү — тутум каражатты тандалган эсепке автоматтык түрдө чегет.
Жеткиликтүү валюталар:
- АКШ долларында — картага же эсепке;
- Сом менен — Банктын курсу боюнча автоматтык түрдө конвертациялоо менен.
Optima24 колдонмосунда акча которууну алуу тартиби:
- «Операциялар» бөлүмүнөн «MoneyGram» сервисин тандаңыз.
- Акча которуунун контролдук номерин киргизиңиз.
- Каражатты чегүү үчүн картаны же эсепти тандаңыз.
- Акча которуунун алынышын ырастаңыз.
Кээ бир учурларда MoneyGram тутуму кошумча маалыматтарды (максатын, паспорттук маалыматтарды же дарегин) сурашы мүмкүн. Бул эл аралык төлөм тутуму тарабынан каралган стандарттуу текшерүү жол-жобосу болуп саналат.
«Оптима Банк» ААК аркылуу сиз АКШ, Германия, Түркия, БАЭ, Сауд Арабиясы, Түштүк Корея, Канада, Катар жана башка өлкөлөрдөн келген акча которууларды ала аласыз.
Оптима Банк — сиздин ишенимдүү каржылык өнөктөшүңүз!
