Бардык жаңылыктар
Кара-Балта шаарындагы Кардарларды тейлөө пункттарынын ишиндеги өзгөрүүлөр
- Подробности
Урматтуу кардарлар!
Кара-Балта шаарындагы «Оптима Банк» ААКтын Кардарларды тейлөө пункттарынын ишине тиешелүү өзгөрүүлөр жөнүндө маалымдайбыз:
- Чүй облусу, Жайыл р-ну, Кара-Балта ш., Кожомбердиев көч. 51/3 дареги боюнча Кардарларды тейлөө пунктунун ачылыш күнү 2026-жылдын 1-июлунан 2026-жылдын 16-июлуна жылдырылат.
- Кара-Балта ш., Жайыл Баатыр көч. 281, «Яр-Марка» СБ дарегиндеги Кардарларды тейлөө пунктунун иши 2026-жылдын 3-июлунан тартып токтотулат.
Кожомбердиев көч. 51/3 дарегиндеги Кардарларды тейлөө пунктунун иш графиги (2026-жылдын 16-июлунан тартып):
- Иш күндөрү: Дүйшөмбү — Жума
- Иш убактысы: саат 09:00дөн 18:00гө чейин
- Түшкү тыныгуу: саат 12:00дөн 13:00гө чейин
- Дем алыш күндөрү: ишемби, жекшемби жана майрам күндөрү
Көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеси:
- Банктык кызматтар боюнча кеңеш берүү кызматтары;
- Кардарларды идентификациялоо;
- Банктык өнүмдөрдү алууга, анын ичинде чакан жана орто бизнес үчүн «ТЕЗ КРЕДИТ» кредиттерин иштеп чыгууга кардарлардан өтүнмөлөрдү кабыл алуу;
- Visa Instant карталарын байланыштыруу;
- Кардарларга «Optima24» мобилдик колдонмосуна кошулуу боюнча кеңеш берүү;
- Соода-тейлөө ишканаларын соода эквайрингине тартуу;
- Кардарларды «Пайда!» бөлүп төлөө сервисине тартуу жана кошуу.
Банкка келүүнү пландаштырууда бул маалыматты эске алууну сунуштайбыз.
Оптима Банк — сиздин ишенимдүү каржылык өнөктөшүңүз!