Бардык жаңылыктар

Опубликовано 22 июля 2026, 10:09

«Золотая Корона» аркылуу Кытайга WeChat’ка акча которуулар

 ZK WECHAT 1920x1080 KG

Урматтуу кардарлар!

«Оптима Банк» ААК эл аралык акча которуулардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Эми Банктын бөлүмдөрүндө «Золотая Корона» төлөм тутуму аркылуу каражаттарды алуучунун WeChat капчыгына тикелей чегүү менен Кытайга акча которууларды жөнөтүү кызматы жеткиликтүү.

Акча которууну жөнөтүү тартиби:

  1. Жеке башыңызды ырастаган документ менен (паспорт) «Оптима Банк» ААКтын эң жакынкы бөлүмүнө келиңиз.
  2. Банк кызматкерине алуучунун реквизиттерин жана которуунун суммасын билдириңиз.
  3. Банк адиси белгиленген бардык талаптарга ылайык которууну тариздеп берет.

Маанилүү: Кытайда WeChat аркылуу акча которууну Кытай Эл Республикасынын жарандары гана ала алышат.

Төлөмдөрдү тез жана ыңгайлуу жүргүзүү үчүн Банктын офистерине кайрылыңыздар!

Оптима Банк — сиздин ишенимдүү каржылык өнөктөшүңүз!