Бардык жаңылыктар
«Золотая Корона» акча которуу тутумунун убактылуу жеткиликсиздиги
- Подробности
Урматтуу кардарлар!
2026-жылдын 23-июлунан тартып «Оптима Банк» ААКда «Золотая Корона» акча которуу тутуму убактылуу жеткиликсиз экендигин маалымдайбыз. Каржылык операцияларыңызды пландаштырууда бул маалыматты эске алууну суранабыз.
Каражаттарды жөнөтүүнүн жана алуунун альтернативдүү жолдору:
- Astrasend — Банктын бөлүмдөрү аркылуу келүүчү жана кетиүүчү которуулар, ошондой эле Optima24 мобилдик колдонмосунда онлайн режиминде келүүчү которуулар;
- Sendy — Банктын бөлүмдөрү аркылуу келүүчү которуулар.
Каржылык операцияларыңызды үзгүлтүксүз жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн алдын ала альтернативдүү акча которуу тутумдарын тандоону сунуштайбыз.
Түшүнүү менен кабыл алганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Оптима Банк — сиздин ишенимдүү каржылык өнөктөшүңүз!