Бардык жаңылыктар

Опубликовано 16 июля 2026, 18:31

Visa төлөм карталары боюнча тарифтердин жаңыланышы

Новость тарифти жанылоо

Урматтуу кардарлар!

2026-жылдын 3-августунан тартып жеке жактар, жеке ишкерлер жана турак жай ээлеринин шериктиктери (ТЭШ) үчүн «Оптима Банк» ААКтын банкоматтарында Visa төлөм карталары боюнча накталай акча каражаттарын алууга жаңыланган тарифтер жана лимиттер күчүнө кирерин маалымдайбыз.

1. Жеке жактар үчүн тарифтер

Visa Classic / Visa Gold:

  • Суткалык лимит:
    • 150 000 сомго чейин — акысыз;
    • 150 000 сомдон ашык — ашкан суммадан 1%.
  • Айлык лимит (жалпысынан):
    • 500 000 сомдон ашык — ашкан суммадан 5%.

Visa Platinum:

  • Суткалык лимит:
    • 250 000 сомго чейин — акысыз;
    • 250 000 сомдон ашык — ашкан суммадан 1%.
  • Айлык лимит (жалпысынан):
    • 700 000 сомдон ашык — ашкан суммадан 5%.

2. Жеке ишкерлер жана ТЭШ үчүн тарифтер

Visa Business:

  • Суткалык лимит:
    • 800 000 сомго чейин — акысыз;
    • 800 000 сомдон ашык — ашкан суммадан 1%.
  • Айлык лимит (жалпысынан):
    • 1 500 000 сомдон ашык — ашкан суммадан 5%.

Лимиттер ашканда комиссияларды кармап калуу тартиби:

  • Суткалык лимит гана ашкан учурда 1% комиссия кармалат;
  • Айлык лимит гана ашкан учурда 5% комиссия кармалат;
  • Эки лимит тең бир убакта ашкан учурда 1% жана 5% комиссиялары суткалык жана айлык лимиттерден ашкан тиешелүү суммаларга бир эле учурда колдонулат.

3. Эмгек акы долбоорлору (өзгөртүүсүз)

Эмгек акы долбоорлорунун катышуучулары үчүн тарифтер өзгөртүүсүз кала тургандыгына көңүлүңүздөрдү бурабыз:

  • Visa Classic ЭА / Visa Gold ЭА / Visa Platinum ЭА:
    • Суткасына 300 000 сомго чейин — акысыз;
    • Суткасына 300 000 сомдон ашык — суммадан 0,5%.

Тарифтер боюнча толук маалымат жаңыланган шарттар күчүнө кирген күндөн тартып (2026-жылдын 3-августунан баштап) «Тарифтер» бөлүмүндө жеткиликтүү болот.

Оптима Банк — сиздин ишенимдүү каржылык өнөктөшүңүз!