Бардык жаңылыктар

Опубликовано 10 августа 2026, 13:48

№018-15-29 сактык кассасынын ишинин убактылуу токтотулушу

Урматтуу кардарлар!

2026-жылдын 10-августунан тартып Бишкек шаары, 3-кичи району, 24-үй («Орто-Сай» рыногу) дареги боюнча жайгашкан Бишкек ш. №5 филиалынын №018-15-29 сактык кассасынын иши оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу убактылуу токтотулгандыгын маалымдайбыз.

Банктын эң жакын жайгашкан тейлөө түйүндөрүн жана төлөм терминалдарын «Филиалдардын жана банкоматтардын картасы» баракчасынан таба аласыздар.

Банкка келүүнү пландаштырууда бул маалыматты эске алууңуздарды суранабыз жана келтирилген убарачылыктар үчүн кечирим сурайбыз.