Бардык жаңылыктар
Банктын бөлүмдөрүнүн иш тартибиндеги убактылуу өзгөрүүлөр
- Подробности
Урматтуу кардарлар!
Бүгүн, 2026-жылдын 2-сентябрында, ШКУнун иш-чараларын өткөрүүнүн алкагында жол кыймылына киргизилген убактылуу чектөөлөргө жана айрым мекемелер менен соода жайларынын убактылуу жабылышына байланыштуу «Оптима Банк» ААКтын төмөнкү бөлүмдөрүнүн иш графиги убактылуу өзгөргөндүгүн маалымдайбыз:
Төмөнкү сактык кассалары иштебейт:
- СК №018-09-37 («ГУМ Чынар» СКБ);
- СК №018-17-34 («ЦУМ-2»);
- СК №018-11-03 («Ала-Арча» СКБ).
Бишкек ш. №8 филиалы чектелген тартипте иштейт:
- Бөлүмдө кассалык операциялар жана кардарларды кассалык тейлөө жүргүзүлбөйт;
- Кардарларга кеңеш берүү жана тейлөө телефон аркылуу, ошондой эле жеткиликтүү банктык каналдар аркылуу аралыктан жүргүзүлөт.
Көпчүлүк каржылык операцияларды сиздер Optima24 жана OptimaBusiness мобилдик колдонмолорунда 24/7 онлайн режиминде жүргүзө аласыздар. Башка бөлүмдөрдүн толук иш графиги менен таанышуу үчүн «Офистердин иш тартиби» баскычын басыңыз.
Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.