Бардык жаңылыктар
Карталар боюнча жана ПКБ сервистериндеги операциялардын убактылуу жеткиликсиздиги
- Подробности
Урматтуу кардарлар!
2026-жылдын 15-сентябрында саат 01:00дөн 03:00гө чейин «МПЦ» ЖАК тарабынан техникалык иштер жүргүзүлөрүн маалымдайбыз.
Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында төмөнкүлөр убактылуу жеткиликсиз болот:
- Элкарт, Visa, Mastercard жана UnionPay төлөм карталары боюнча операциялар;
- Банкоматтарда жана POS-терминалдарда тейлөө;
- Сайттарда жана интернет-дүкөндөрдө онлайн төлөө (E-Commerce);
- «ЭЛКАРТ Мобайл» мобилдик колдонмосундагы жана веб-сервистердеги операциялар.
Зарыл болгон каржылык операцияларды алдын ала жүргүзүүнү жана зарылчылык жаралса накталай акча каражаттарын чыгарып алууну сунуштайбыз.
Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.