Бардык жаңылыктар

Опубликовано 21 сентября 2026, 15:31

«Оптима Банк» ААКтын жана Бишкек ш. №8 филиалынын юридикалык дарегинин өзгөрүшү тууралуу

Урматтуу кардарлар жана өнөктөштөр!

Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы №89 «Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн аталыштарын өзгөртүү жөнүндө» токтомунун негизинде (борбор калаанын аталыштарын жана даректик планын тартипке келтирүүнүн алкагында) «Оптима Банк» ААК Башкы кеңсесинин жана «Оптима Банк» ААКтын Бишкек ш. №8 филиалынын юридикалык дареги болуп саналган имараттын номери өзгөргөндүгүн маалымдайбыз.

Даректин өзгөрүшү:

  • Мурунку дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Жибек-Жолу проспектиси, 493-үй;
  • Жаңы расмий дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Жибек-Жолу проспектиси, 1069-үй.

Бөлүмдөрдүн иш жүзүндөгү жайгашкан жери өзгөргөн жок — шаардык даректик реестрге ылайык, имараттын номери гана өзгөрдү.

Көңүл буруңуздар:

Кардарлардан жана контрагенттерден келишимдерди, баштапкы бухгалтердик документтерди тариздөөдө, өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө жана «Оптима Банк» ААК жана Бишкек ш. №8 филиалы менен расмий кат алышууда бул маалыматты эске алууну өтүнөбүз.