Бардык жаңылыктар

Опубликовано 12 октября 2026, 16:26

Байланыш борборунун WhatsApp каналындагы убактылуу техникалык мүчүлүштүктөр

Урматтуу кардарлар!

Учурда «Оптима Банк» ААКтын Байланыш борборунун WhatsApp каналы аркылуу иштөөсүндө убактылуу техникалык мүчүлүштүктөр байкалып жатканын маалымдайбыз.

Биздин адистер сервисти калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүп жатышат. Мессенджер аркылуу кайрылууларды кабыл алуу кайра башталгандыгы жөнүндө кошумча кабарлайбыз.

Бул аралыкта Байланыш борборунун телефон номерлери аркылуу ыкчам кеңеш алсаңыздар болот:

  • 9595 — Кыргызстандын уюлдук операторлорунан чалуу акысыз;
  • +996 (312) 90 59 59 — шаардык (стационардык) телефондордон жана чет өлкөдөн чалуулар үчүн.

Убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз!