Бардык жаңылыктар

Опубликовано 16 октября 2026, 11:53

19-октябрда пландаштырылган техникалык иштер

Урматтуу кардарлар!

2026-жылдын 19-октябрында саат 04:00дөн 07:00гө чейин пландаштырылган техникалык иштер жүргүзүлөрүн маалымдайбыз.

Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында төмөнкүлөр убактылуу жеткиликсиз болот:

  • Оптима Банк тарабынан чыгарылган Visa карталары боюнча операциялар;
  • Оптима Банктын эквайринг тармагында башка банктардын Visa, Mastercard, UPI жана Элкарт карталарын тейлөө;
  • Банктын банкоматтарындагы жана POS-терминалдарындагы транзакциялар;
  • Сатып алууларды онлайн төлөө жана интернет-төлөмдөр (E-Commerce);
  • Optima24 мобилдик колдонмосунда карталардын көрүнүшү жана карталар боюнча операцияларды жүргүзүү.

Зарыл болгон каржылык операцияларды алдын ала жүргүзүүнү же накталай акча каражаттарын алдын ала чыгарып алууну сунуштайбыз.

Жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз!