Бардык жаңылыктар
Кардарларды тейлөө боюнча убактылуу пункттардын ачылышы
- Подробности
Урматтуу кардарлар!
Банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана кардарларды тейлөө ыңгайлуулугун арттыруу максатында «Оптима Банк» ААК Бишкек, Ош, Токмок, Каракол, Манас шаарларында жана Чүй облусунда кардарларды тейлөө боюнча 9 убактылуу пункт ачылгандыгын маалымдайт.
Тейлөө пункттары 2026-жылдын 24-ноябрынан 25-декабрына чейин иштейт.
Тейлөө пункттарында жеткиликтүү кызматтар:
- Банктын бардык өнүмдөрү жана кызматтары боюнча консультация берүү;
- Кардарларды идентификациялоодон өткөрүү;
- Visa Instant карталарын дароо байлоо жана берүү;
- Банк өнүмдөрүн алууга, анын ичинде «ТЕЗ КРЕДИТ» насыясын жолжоболоштурууга табыштамаларды кабыл алуу;
- Optima24 мобилдик тиркемесин орнотуу жана колдонуу боюнча консультация берүү;
- Соода-сервистик ишканаларды соода эквайрингине туташтыруу жана кеңеш берүү.
Пункттардын даректери жана иш графиги:
| Шаар / Аймак | Дареги / Жайгашкан жери | Иш убактысы | Тыныгуу / Дем алыш |
| Сокулук айылы | Фрунзе көч., 124 (МСКБ имараты) | 09:00 – 17:00 | Жылдырма график |
| Бишкек ш. | Киев көч., 96а (МСКБ имараты) | 09:00 – 17:00 | Жылдырма график |
| Бишкек ш. | Ала-Арча көч., 71 (МСКБ имараты) | 09:00 – 18:00 | Жылдырма график |
| Бишкек ш. | 10-кичирайону, 29-үй (МСКБ имараты) | 09:00 – 18:00 | Жылдырма график |
| Бишкек ш. | Шабдан Баатыр кең көч., 4/1 | 09:00 – 18:00 | Жылдырма график |
| Ош ш. | А. Масалиев кең көч., 98Б (МСКБ имараты) | 09:00 – 18:00 | Жылдырма график |
| Каракол ш. | Торгоев көч., 57Б | 09:00 – 18:00 | Жылдырма график |
| Манас ш. | Мамыр баатыр көч., 46 | 09:00 – 18:00 | Жылдырма график |
| Токмок ш. | Шамшы көч., 126 («Токмок» соода борбору) | Ийкемдүү график | Жылдырма график |
Бардык пункттардын иштөө мөөнөтү: 2026-жылдын 24-ноябрынан 25-декабрына чейин.
Сиздерди күтөбүз жана финансылык суроолоруңузду чечүүгө кубанычтабыз! Толук маалыматты 9595 кыска номери боюнча Контакт-борбордон да алууга болот (уюлдук телефондон чалуу акысыз).
Оптима Банк — сиздин ишенимдүү каржылык өнөктөшүңүз!