Бардык жаңылыктар

Опубликовано 25 ноября 2026, 09:30

Optima24’тө ОСАГО тариздөөдө 25%га чейин көз ачып-жумганча кэшбэк

Урматтуу кардарлар!

Optima24 мобилдик колдонмосундагы автокамсыздандыруу кызматынын жаңыртылганын кубануу менен маалымдайбыз — эми ОСАГО полисин тариздөө үчүн кэшбэк көз ачып-жумганча жана автоматтык түрдө чектелет!

Эми кийинки айдын башын күтүүнүн кажети жок: төлөм ийгиликтүү жүргүзүлүп, камсыздандыруу полиси чыгарылары менен кэшбэк суммасы түз эле сиздин банктык эсебиңизге накта акча менен чектелет.

Optima24’тө ОСАГО тариздөөнүн артыкчылыктары:

  • Ыкчам кэшбэк: операция аяктагандан кийин каражаттын дароо автоматтык түрдө чегерилиши;
  • Кеңири тандоо: өлкөнүн алдыңкы 5 камсыздандыруу компаниясынын сунуштары;
  • Убакытты үнөмдөө: камсыздандыруу компаниясына же Банктын кеңсесине барбастан, бир нече мүнөттө электрондук полисти тариздөө;
  • Ар дайым кол алдыңызда: санариптик полис смартфондо каалаган убакта жеткиликтүү.

Камсыздандыруу компаниялары боюнча кэшбэк өлчөмү:

  • АЮ Гарант — 20%
  • АТН Полис — 15%
  • SAKBOL — 10%
  • МСК (ГСО) — 10%

Полисти кантип тариздөө керек:

  1. Optima24 колдонмосун ачыңыз;
  2. ОСАГО автокамсыздандыруу сервистери бөлүмүнө өтүңүз;
  3. Автоунаанын маалыматтарын толтуруңуз, ыңгайлуу камсыздандыруу компаниясын тандаңыз жана төлөмдү ырастаңыз;
  4. Даяр камсыздандыруу полисин алып, өз эсебиңизге көз ачып-жумганча кэшбэкке ээ болуңуз!

Оптима Банк — сиздин ишенимдүү каржылык өнөктөшүңүз!