Бардык жаңылыктар
Эскертүү: салык карызын эсептен чыгаруу тартиби күчүндө
- Подробности
Урматтуу кардарлар!
Кыргыз Республикасында жеке жактарды кошо алганда, салыктык төлөм талабы (СТТ) аркылуу салык карызын өндүрүү тартиби иштеп жаткандыгын эскертебиз.
Кыскача:
- карыз болгон учурда салык органдары банкка СТТ жөнөтө алат;
- эсептеги каражаттар автоматтык түрдө чыгарылат жана бюджетке которулат;
- ар бир СТТ үчүн Банктын комиссиясы — 20 сом.
🔎 Эгерде сиз эсептен акча чыкканын байкасаңыз — көчүрмөнү текшериңиз: төлөмдүн багытында СТТ (НПТ) деп көрсөтүлөт.
Банк мыйзам чегинде гана иш алып барат жана эсептен чыгаруу боюнча чечим кабыл албайт.
Толук маалымат шилтеме боюнча жеткиликтүү.
Салык карызынын бар-жогун алдын ала текшерип, аны өз убагында төлөөнү сунуштайбыз.
Түшүнгөнүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз!
📄 Ченемдик база: Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85-беренеси (салыктык төлөм талабы)