Бардык жаңылыктар

Опубликовано 28 октября 2024, 11:12

Оптима Банк эскертет: онлайн алдамчылардан этият болуңуз!

11383141 

Мессенджерлер аркылуу зыяндуу шилтемелерди жана файлдарды таркаткан алдамчылардын активдешүүсүнө байланыштуу, Оптима Банк этияттык чараларын сактоону сунуштайт. 

Өзүңүздү кантип коргой аласыз?

1. Шектүү шилтемелерге кирбеңиз

Алдамчылар төмөнкүдөй шылтоолор менен шилтемелерди жөнөтүшү мүмкүн: 

  • «Мен үчүн добуш берип кой»
  • «Эмне утуп алганыңды көр»
  • «Профилиңди тез арада текшер!»

Бул шилтемелер жеке же банктык маалыматтарыңызды уурдоо максатында жасалма сайттарга алып барат. 

Эмне кылуу керек:

Эгерде шилтемени тааныш адамдан алган болсоңуз да, ага түз байланышып, чын эле ошол шилтемени жөнөткөнүн тактаңыз. 

2. Шектүү файлдарды ачпаңыз

Көп учурда алдамчылар .apk-файлдарды «сүрөт» катары жөнөтүп, мындай билдирүүлөрдү кошуп жиберишет: 

  • «Бул сүрөттө сенсиңби?»
  • «Сени ушул сүрөттөн таанып калышыптыр!»

Мындай файлдарды орноткондон кийин вирус сиздин тиркемелерге жана кат жазууларыңызга жеткилик алып алышы мүмкүн. 

Эмне кылуу керек:

Эгер кокусунан шектүү файлды орнотуп алган болсоңуз, дароо өчүрүп, антивирус иштетип, адиске кайрылыңыз. 

3. Билдирүү жөнөтүүчүлөрдү текшериңиз

Алдамчылар дос, тууган же укук коргоо органдарынын өкүлү болуп көрүнүп, зыяндуу шилтемелерди жана файлдарды жөнөтүшү мүмкүн. 

Эмне кылуу керек:

Эгер билдирүү шектүү сезилсе, жөнөтүүчүгө башка байланыш аркылуу кайрылып тактаңыз. Эгер аккаунт бузулган болсо, аны бөгөттөп, мессенджердин колдоо кызматына кабарлаңыз. 

4. Жеке маалыматтарды мессенджерлер аркылуу жөнөтпөңүз 

Эсиңизде болсун: банктар эч качан паролдорду, ПИН-коддорду же СМС-коддорду мессенджерлер аркылуу сурабайт. 

Эмне кылуу керек:

Эгер мындай билдирүү алсаңыз, бул – алдамчылык. Жөнөтүүчүнү бөгөттөп, дароо Оптима Банктын байланыш борборуна 9595 номери аркылуу кайрылыңыз. 

Маалыматтарыңызды сактаңыз жана ар дайым этият болуңуз!