Бардык жаңылыктар

Опубликовано 28 ноября 2024, 17:32

Техникалык иштер 2-декабрь саат 04:00дөн 06:00гө чейин.

Урматтуу кардарлар!

2024-жылдын 2-декабрында саат 04:00дөн 06:00гө чейин Банктын процессинг борборунда пландаштырылган техникалык иштер жүргүзүлөт.

Көрсөтүлгөн убакытта Оптима Банктын VISA карттары боюнча төмөнкү операциялар жеткиликтүү болбойт:

  • Optima24 аркылуу которуулар жана төлөмдөр;
  • POS-терминалдарда төлөмдөр;
  • Банкоматтардагы жана төлөм терминалдарындагы операциялар. 

Ошондой эле, башка банктардын VISA/Mastercard/Union Pay/Elcard карттары менен транзакциялар Банктын тармагындагы POS-терминалдарда, банкоматтарда жана төлөм терминалдарында жүргүзүлбөйт.

Каржылык операцияларыңызды алдын ала пландаштырыңыз!