Бардык жаңылыктар

  • 03.11.2020-жыл
    16:12

    2- ноябрь, 2020-жыл, Алматы. –  Jýsan Bank жана  АТФБанктын акционери,  Jýsan банк тарабынан  “Оптима Банк” ААКсынын негизги компаниясы болуп эсептелген АТФБанктын 99,76% акциясын сатып алуу жөнүндө алдын ала макулдашууга жетишилди.

    2020-жылдын ноябрында кол коюлган макулдашуунун алкагында, тараптар  АТФБанктын акцияларын сатуу-сатып алуу келишимин түзүүнү ниеттенишүүдө. Сату-сатып алуу келишимине кол коюлгандан, ошондой эле ал регулятор тарабынан  жактырылгандан кийин, иш алып барып жаткан АТФБанктын акционери,  Jýsan Bankтын кошумча эмиссиясынын алкагында, Jýsan банктын акциясынын бир бөлүгүн сатып алат.

    Сатуу-сатып алуу келишими түзүлгөндөн кийин, эки банк бирдей стратегия алкагында бириккен форматта иштешет.

     Кыргызстандагы “Оптима Банк” кайра түзүлүүнүн жүрүшүндө,  кардарларды сапаттуу банктык кызмат көрсөтүүлөр менен туруктуу камсыздоо менен, ишин стандарттуу режимде улантат.
    МААЛЫМАТ:
    О Jýsan Bank
    Казакстандын рыногунда 1992-жылдан  бери иштеп келе жаткан Jýsan Bank (First Heartland Jýsan Bank,   Jýsan Bank чекене бернди менен  - «Жусан банк»), First Heartland Securities инвестициялык компаниясынын туунду компания уюму болуп эсептелет.  Jýsan Bank, салттуу банктык сервистерди н кеңири ти лкесинен сырткары, Jýsan финансылык тобунун компаниясы тарабынан продуктыларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү:  Jýsan Invest  брокердик кызмат көрсөтүүсү  менен  Jýsan Garant  камсыздандыруу кызмат көрсөтүүсүн бириктирген, жеке экосистеманы өнүктүрөт. https://jysanbank.kz/

     АТФБанк жөнүндө
    АТФБанк  Казакстандагы ири банктардын катарына кирет. Өзүнүн 25 жылдык тарыхында, АТФБанк  Казакстан боюнча  корпоративдүү сектор  жана Private Banking  кардарлары үчүн, банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн толук спектрин көрсөтүү менен, универсалдуу профилди өнүктүрөт. www.atfbank.kz

    Оптима Банк жөнүндө
    Оптима Банк – туруктуу финансылык институт. Банк диверсифицленген кредиттик жана депозиттик портфелге, ошондой эле Кыргызстан боюнча  балансталган географиялык камтууга (55 бөлүмдөн ашык) ээ. Оптима Банк көптөгөн жылдар бою, рыноктун үлүшү менен негизги көрсөткүчтөр боюнча  алдыңны позицияны ээлеп келет, 2020-жылдын 1-октябрына карата: активдер боюнча   - 15%, кредиттик портфель боюнча  - 17%, кардардын депозиттик базасы боюнча   - 16%,  
    капитал боюнча  – 13%.

    Пресс-релизди алуу