Бардык жаңылыктар

  • 30.12.2020-жыл
    14:10

    2020-жылдын 30-декабры. Бишкек  –  Казакстандын жана Кыргызстандын жөнгө салуучу органдарынын жактыруусун алгандан кийин, Jýsan Bank Кыргызстандагы «Оптима Банк» ААКсынын башкы компаниясы АТФБанктын 99,76% акциясын сатып алды.

    Келишим шарттарына ылайык, 124 млрд тенге (24 млрд сом) өлчөмүндөгү АТФБанктын жеке капиталы кошумча првизияларды түзүү үчүн пайдаланылган. Иштеп жаткан акционер тарабынан чыгымдар жабылгандан кийин, Jýsan Bank жөнгө салгычтын талаптарына ылайык, жеке капиталынын жетиштүү деңгээлин түзүү менен, 97 млрд тенге (19 млрд сом) суммасында АТФБанкты докапитализация жүргүзүгөн.

    Шигео Катсу

    АТФБанкты сатып алуу жыйынтыгында, Jýsan (Жусан) тобуна кирген эки банктын активдеринин жалпы көлөмү  3 трлн тенгени (580 млрд сомдон ашык)  же, Казакстандын банк секторунун активдеринин 10%ына жакынын түзөт.  Эки банктын жогорку өтүмдүү актвидеринин жыйынды өлчөмү 1,3 трлн тенгеден (250 млрд сом) ашырылган, бул болсо, Казакстан рыногунда абдан жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болуп эсептелет.

    “Биз, көптөн бери иштеп келген казакстандык банктардын бири  болгон АТФБанк Jýsan тобуна кошулганына кубанбыз. Учурда АТФБанк өзүнүн өтүмдүүлүгүн бир кыйла жогорулатты,  провизиянын керектүү деңгээлин түздү жана ишенимдүү финансы институту болуп эсептелет. Кийинки кадам болуп, эки банктын узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясын иштеп чыгуу эсептелет – деп, Jýsan Bankтын Директорлор кеңешинин төрагасы Шигео Катсу комментарий берди. – Биздин кардарлар Казакстандан гана эмес, Россиядан жана Кыргызстандан  Jýsan тобунун туунду банктары аркылуу финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жетүү мүмкүнчүлүгүн алышат”.

    Айбек Кайып

    Бүгүнкү күнү Jýsan тобуна банктардан сырткары, камсыздандыруу, брокердик тейлөө жана инвестициялык портфелди башкаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин көрсөткөн  финансылык компаниялар кирет.

    “Мен, Оптима Банктын кардарлары менен саламдашып жаткандыгыма кубанычтамын, жакында биздин топтун санариптик сервистери сунуш кылынат, - деди  Jýsan Bank Башкармалыгын төрагасы Айбек Кайып.  – Чекене кардарлар жана Кыргызстандагы бизнес өкүлдөрү, банктык, камсыздандыруу жана инвестициялык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн, инновациялык санариптик чечимдерди баалай алышат. Казакстандагы эки банктын синегриясы, Оптима Банктын кардарларынын күнүмдүк жашоосу жана бизнеси гүлдөп-өсүшү үчүн, көптөгөн жаңы чечимдерди сунуш кылууга мүмкүндүк берет деп ишенем”.

    Бейбут Капышев

    “Оптима Банк үчүн, башкы компания   АТФБанктын чыңдалышы жана күчтүү Jýsan финансылык тобуна кириши, жаңы санариптик сервистерди өнүктүрүүнү жана ишенимдүүлүктү тастыктоо болот, - деп белгилерди «Оптима Банк» ААКсынын Башкармалыгынын төрагасы Бейбут Капышев. – Бул, санариптик банкка  трансформациялоону тездетет жана биздин кардарлардын бакубат жашоосунун өсүүсүнө жардам берет”.

     Кардарларды тейлөө боюнча  «Оптима Банктын» күндөлүк сервистери кадимки режимде иштөөнү улантат.

     

     

     

    Балыныш үчүн:
    «Оптима Банк» ААКсынын Пресс кызматы
    Корпоративдүү имидж жана коммуникациялар бөлүмүнүн начальниги
    Наталья Мокина
    Тел: +996 (312) 905858 (ички 1244)
    E-mail: mokina @ optimabank.kg 

    Jýsan Bank Пресс кызматы
    Тел.: +7 (727) 331-26-00 ички 1215
    E-mail: s.chikin @ jysanbank.kz

    АТФБанктын Пресс кызматы
    Тел.: +7 (701) 771-15-43
    E-mail: pr @ atfbank.kz